Menu Close

ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Бүгүн Нарын облустук медиа борборунун демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын колдоосу менен уюштурулган теледолбоор аркылуу жыл жыйынтыгы чыгарылып, пандемия менен күрөшүү өңүтүндө жыл мыктылары аныкталды.
Иш чарага Нарын облусунун, шаардын, райондордун жетекчилеринин катышуусунда “Жылдын мыкты каарманы” наамы пандемия менен күрөшүүдө зор салымын кошкон кызмат адамдарына жана өз ыктыяры менен ар кандай колдоолорду көрсөткөн мекенчил инсандарга салтанаттуу кырдаалда ыйгарылды.
Жалпыбызга маалым болгондой, быйылкы жыл биздин өлкөбүз үчүн гана эмес дүйнө элине оор сыноо алып келди. Дүйнө жүзүн каптаган пандемия бүткүл адамзат коомуна эң зарыл болгон аманчылык менен ден соолуктун кадырын билгизди. Илдет менен күрөшүүдө биринчи кезекте саламаттыктын сакчылары төшүн тосуп, кыйынчылыктарга карабай ажал менен кармашып турушту. Өлкөдөгү күтүүсүз кырдаалды жөнгө салууда мамлекеттик жана муниципалдык, укук коргоо, коопсуздук сактоо, өзгөчө кырдаалдар, социалдык кызматкерлер, журналисттер жана башка кызмат адамдары күнү-түнү эмгектенип, өз милдеттерин татыктуу аркалашты. Алардын алдында “канткенде элибизди илдеттен сактап калабыз” деген чоң милдет турду.
Ошол эле мезгилде мамлекеттин бюджетинин тартыштыгын туура түшүнгөн ыктыярчыларыбыз, мекенчил уул-кыздарыбыз карантиндеги элге азык-түлүктөн, дары-дармектен, адам өмүрү үчүн эң зарыл болгон медициналык жабдуулардан жардам беришти. Китепке чогулткан акчасын дары-дармек үчүн өз ыктыяры менен берген, үйүндө беткап тигип элге тараткан окуучуларыбыз да болду. Чет өлкөдө окуп, иштеп жүргөн уул-кыздарыбыз каражат чогултуп, дары-дармек салып турушту. Кыргыз эли ынтымагыбыз, биримдигибиз менен башка элдерге үлгү болуп, пандемияны ооздуктай алдык.
Тилекке каршы, илдеттин кесепетинен ондогон асыл инсандарыбыз менен кош айтыштык…
Пандемия менен күрөшүүдө көп адамдар сыйлыкка татыктуу. Бирок кайра эле санитардык эрежелерге ылайык көпчүлүктү чогултууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан сыйлык албагандар туура түшүнөт деген ишеничтебиз. Ал эми “Жылдын мыкты каарманы” наамына татыктуу болгондорду ар бир тармак көптөгөн критерийлердин негизинде өздөрү сунуштаганын маалымдайбыз.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика