Menu Close

ЖУМГАЛ РАЙОНУНДАГЫ ЖЕР КӨЧКҮ БОЛГОН АЙМАКТА АЛЬТЕРНАТИВАЛУУ ЖОЛ САЛУУ ИШИ БАШТАЛДЫ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында жер көчкү түшкөн аймакка альтернативалуу жол салуу иштери башталды.
Бүгүн, 16-сентябрда облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү абалды жеринде көрүп, кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Учурда жаратылыш кырсыгы болгон аймакта Өзгөчө кырдаалдар, Жол, транспорт жана коммуникация министрликтеринин жана Өндүрүш, энергетика жана кен казуу комитетинин, ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биргелешип иш алып барууда.
Бул аймакта 3,2 чакырым альтернативалуу жол салуу иштери башталып, 100 метри бүттү. Учурда 4 техника иштеп жатат. Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов облустагы болгон техникаларды мүмкүнчүлүккө жараша бул ишке тартуу боюнча тапшырмаларды берип, тыкыр көзөмөлгө алынаарын билдирди. Ошондой эле облус жетекчиси “Кара-Кечеде” көмүрдүн топтолгон запасы бар экендигин, буюрса Соң-Көл ашуусу менен Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда көмүр тартуу иши улантыла берээрин айтты.
Өндүрүш, энергетика жана кен казуу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, жер көчкү 2 миллион куб метрден ашык көлөмдө түшкөн. Кооптуулугу-сууну бөгөп калгандыгында. Себеби тосулуп калган суу жер көчкүнүн ары жагында топтолуп жатат. Буюрса эки жуманын ичинде альтернативалуу жол салынып бүтөөрү болжолдонууда. Андан кийин Бишкек ТЭЦке көмүр тартуу иштери улантылат.
Белгилей кетсек, Нарын облусунда көмүр отунуна болгон жалпы керектөө 98 миң тоннаны түзөт. Анын 75 миң тоннасы элге, калганы бюджеттик мекеме-ишканаларга тартылат. Жол жабылгандыгына байланыштуу көмүр таңсыктыгы келип чыгат деп кооптонууга негиз жок.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика