Menu Close

ЖУМГАЛ РАЙОНУНДАГЫ ИРРИГАЦИЯ ТАРМАГЫН ЖАКШЫРТУУ ИШТЕРИ ДЫЙКАНДАРДЫН МОЛ ТҮШҮМ АЛУУСУНА ШАРТ ТҮЗГӨН

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү программасына Жумгал районунан үч чоң долбоор киргизилген. Алар 2018-жылы пайдаланууга берилген Баш-Кууганды, 2020-жылы ишке киргизилген Чоң-Дөбө суу топтоочу бассейндери жана быйыл курулушу баштала турган Түгөл-Суу суу сактагычын калыбына келтирүү долбоорлору.
Бүгүн, 17-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов быйыл жаңыдан курулуп ишке кирген Чоң-Дөбө суу топтоочу бассейнинде болду.
Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Тойчубек Мырзакматов билдиргендей, убактылуу суу топтоочу жайдын курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы бүткөрүлгөн. Долбоордун сметалык баасы 58 миллион 800 миң сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланган. Бул жерге 50 миң куб метр суу батат. Суу топтоочу жайдын курулушу менен Кызыл-Жылдыз айылынын 368 гектар айдоо аянтын сугат суу менен камсыз кылууга шарт түзүлгөн. Мындан тышкары 70 гектар жер быйыл жаңыдан
өздөштүрүлгөн.
Облус жетекчиси ирригация системасын жакшыртууга Өлкө башчысы тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп атканын, мындай аракет дыйкандардын маңдай терин актоого шарт түзөөрүн белгилеп, быйыл түшүмдүүлүк кандай болгонуна кызыкты.
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Бектур Кыдырмаев быйыл түшүмдүүлүк башка жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшырып, дыйкандар дан эгиндеринин ар гектарынан 35-40 центнерден түшүм алып жатышканын, суу топтоочу жайдын курулушу жакшы натыйжа берип, жаңы аянттар өздөштүрүлө баштаганын билдирди.
Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун айтымында, быйыл буюрса сметалык баасы 700 миллион сомдук Түгөл-Суу суу сактагычынын курулушу башталат. Ал бүтсө 3,5 миллион куб метр суу топтолуп, 6 айыл өкмөтүнүн 4000 гектар суу баскан аянты жакшыртылмакчы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика