Menu Close

ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР АЧЫЛАТ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын облусунда иш алып барып жаткан жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн жана жаш активисттерди кабыл алып, Жаштар күнү менен куттуктады.
Иш чарада облус жетекчиси жаштардын коомдо зор күч экендигин баса белгилеп, мыйзам бузууларга, адилетсиздикке каршы саясий кадамдарды ишке ашырууда жана пандемия менен күрөшүүдө көрсөткөн жаштардын колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле активдүү, билимдүү жаштар жумушсуз жүргөнүнө көзү жетип турганын, буюрса Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун иш багыттарына ылайык аз убакыттын ичинде жумуш орундарынын 80-90 пайызына жаштар келээрин маалымдады. Облустун демилгелүү жаштарына өлкө башчысы С. Жапаров менен бейформал жолугууга шарт түзүп бергенин айтып, алдыда жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылаарын билдирди.
Келечек муундун өкүлдөрүнө бекем ден соолук, узун өмүр жана таза адамдардан болуусун каалаган облус жетекчиси коронавирус илдети менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн жаш активисттерди жана облустагы жаштар уюмдарынын мүчөлөрүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары менен сыйлады.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика