Menu Close

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Жапаровдун 2020-жылдын 13-ноябрындагы №610-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары Черикбаев Семетей Мырзабекович берген арызынын негизинде ээлеп турган кызмат ордунан бошотулду.
Премьер-министрдин №611-буйругуна ылайык Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сапаров Адыл Солтоевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчи бүгүн коомчулук жана эмгек жамаат менен таанышып, ишке киришти.
Иш чарада ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев буйруктар менен тааныштырып, мурдагы орун басар Семетей Черикбаевдин жакшы иштеп, облустун өнүгүүсүнө салым кошконун жана өзүнүн арызы менен кеткенин белгиледи. Адыл Сапаровдун ишине ийгилик каалап, кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн ак ниеттик менен иш алып бараарына ишеними зор экенин билдирди.
Сапаров Адыл Солтоевич 1974-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетин 1999-жылы аяктап, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2000-жылы Чүй облустук мамлекеттик салык кызматында башкы инспекор болуп иштөө менен баштаган.
2002-2004-жылдары Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук салык кызматынын ага инспектору, 2005-2006-жылдары Монополияга каршы саясат департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 2007-2009-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын ага инспектору, 2009-2016-жылдары Жумгал районундагы Байзак айылынын айыл өкмөт башчысы болуп эмгектенген.
2016-жылдын февраль айынан май айына чейин Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 2016-жылдын 13-майынан бүгүнкү күнгө чейин Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп иштеп келген.
Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика