“USAIDдин” Кыргызстандагы өкүлү Нарынга келди

Бүгүн “USAIDдин” Кыргызстандагы өкүлү Гери Линденди дубан башчысы Аманбай Кайыпов кабыл алды.

Бул жолугушууда буга чейинки жасалган иштер айтылып, мындан ары да ийгиликтүү кызматташууга даяр экенин эки тарап билдирди. Гери Линден ар кыл тармактагы кызматкерлерге тренингдер бар экенин сунуштап, кайсынысы көбүрөөк керек болсо, ошол жаатта билимин жогорулатууга дилгир экенин айтты. Мындан сырткары чакан ишкерлик менен алектенгендерге каражат жагынан жардам көрсөтсө болорун белгиледи.

Ал эми облус жетекчиси Нарын жергесинде көбүнчө айыл-чарбасына багытталган иштер көп экенин айтып, мына ошол жаата жардам көрсөтсө болорун айтты.

 

 

Leave a Reply