Menu Close

УКУКТУК ТАРТИП ЖАНА КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Нарын облусунун координациялык кеңешинин отуруму өткөрүлдү.
Анда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды, үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу, ошондой эле облустун аймагындагы диний экстремизмге каршы күрөшүү, терроризмди алдын алуу жана диний мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу маселе каралды. Бул багытта жасалып жаткан жумуштар жана кемчиликтер талкууланды.
Баяндамаларда белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө карата облуста 113 466 жаш өспүрүм болсо, анын 60 670и мектеп окуучулары. 2020-жылдын 9 айында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган 4 кылмыш иши катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 24 кылмышка аз болгон. Ал эми жашы жете электерге карата 9 кылмыш иши катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 17 кылмышка азайган. Мындан сырткары жашы жете электерге карата 25 зордук-зомбулук фактысы катталган. Анын ичинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үй-бүлө куруу фактылары бар.
Нарын облусунда жалпы 151 мечит болсо 126сы, же 84 пайызы мамлекеттик каттоодон өтүп, пайдаланууга уруксат берилген. Калган мечиттерди мыйзамдаштыруу көптөн бери келаткан көйгөйлүү маселелердин бири.
Жыйында облустун казысы Мамбетасан Ибраев диний мекемелердеги көйгөйлөргө токтолуп, адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн талапка жооп бербеген мечиттерди жабуу керектигин айтты. Ошондой эле диний мекемелерге иштегенге светтик жана дин боюнча билими бар жаштар керектигин белгиледи.
Ал эми Нарын облусунун прокурору Бактыбек Кетиренов мечиттерди салууда алгач документтерин мыйзамдуу бүткөрүп, тиешелүү мекемелердин көзөмөлү менен талаптагыдай салууну талап кылуу керектигин, эгер талаптар аткарылбаса кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын билдирди.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Адилет Мураталиев диний экстремизм боюнча терс көрүнүштөрдүн Нарын облусуна да тиешеси бар экенин, жергиликтүү органдар сыртка чыгып кетип, көптөн бери дайынсыз болгон адамдар туурасында билдирүүлөрү зарылдыгын айтты.
Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Алиев жаш өспүрүмдөрдүн чогулуп алып күз майрамдарын өткөрүүсүнө, өспүрүмдөрдүн кафе, ресторандарда иштөөсүнө, балдардын бычак ж.б өмүргө коркунуч туудурган буюмдарды алып жүрүүсүнө көзөмөлдү жалпылап күчөтүү керектигин белгиледи.
Координациялык кеңештин отурумуна ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев катышып, бул маселелерге жакшылап көңүл буруу керектигин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертти. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын милдеттендирди.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика