Menu Close

ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВАЛУУ ЖОЛУНУН 96 ЧАКЫРЫМЫНЫН КУРУЛУШУ АЯКТОО АЛДЫНДА ТУРАТ

430 чакырымга салынып жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун 230 чакырымы Нарын облусу аркылуу өтөт. Жолдун Жумгал менен Казармандын ортосундагы 96 чакырымында курулуш ишин Чайна-Роуд компаниясы жүргүзүп, 90 пайыздык жумуштары жасалган. Экинчи катар асфальт жаткыруу жумуштары аягына чыкса жолдун аталган бөлүгү толугу менен бүткөрүлөт.
Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Жумгал районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын дарыясы менен Көкөмерен суусунун куймасына чейин барып Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун Жумгал-Казарман бөлүгүндөгү иш ыргагы менен таанышты. Ыйгарым укуктуу өкүл бул жол бүтсө Жумгал районунун социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзүлөөрүн белгиледи. Бирок бүгүнкү күндө жумуш солгун жүрүп жатканын көрүп, ишти тездетүү боюнча Өкмөткө сунуш берээрин билдирди.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика