Menu Close

ШЕЙИТ БОЛГОН КЫРГЫЗ УУЛДАРЫ ЭСКЕРИЛИП, АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА БАА БЕРИЛДИ

7-апрель Элдик революция күнүндө Нарын облусунун бардык аймактарында эскерүү иш чаралары өткөрүлдү. Апрель элдик революциясында акыйкаттык үчүн шейит болгон баатырларга таазим этилип куран окулуп, эстеликтерине гүлчамбарлар коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында өткөрүлгөн эскерүү иш чарасына катышып, өлкөнүн келечеги, элдин жыргалчылыгы үчүн курман болгон эр азаматтардын жаркын элесине таазим этип, алардын жакындарына көңүл айтты.
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө тилекке каршы кыргыз уулдарынын кан-жаны менен жасалган революция максатына толук жетпей кыргыз эли дагы бир революцияны башынан өткөргөнүн, алдыда элдин жана мекен шейиттеринин мүдөө-тилектерин ишке ашырып, өнүккөн мамлекетти түзүү милдети турганын белгилеп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен максаттуу иштер башталганына токтолду.
Иш чарада шаар, район жетекчилери, Апрель элдик революциясынын баатырлары жана катышуучулары тарабынан 11 жыл мурунку тарыхый окуя эскерилип, Апрель элдик революциясына баа берилди.
Белгилей кетсек, Апрель элдик революциясында теңиртоолук 25 эр-азамат борбордук аянтта ошол кездеги бийлик башчысынын буйругу менен окко учса, 5 эр-азамат алган жаракатынан улам андан кийин каза болушкан.
Революция убагында Нарын облусунан 72 адам жаракат алган. Учурда 51и облустун аймагында жашайт.
7-апрель Элдик революция күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 60 миң сом бөлүнүп, шейит болгон эр-азаматтардын үй-бүлөлөрүнө 2 миң сомдон бөлүнүп берилди.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика