Menu Close

“ШАЙЛООНУ ТАЗА ӨТКӨРҮҮ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫНДА ЖАҢЫ БАРАК АЧЫЛАТ”

 17-декабрда Кыргыз Респуликасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын тең төрагасы Максат Мамытканов Нарын облусунда иш сапары менен болуп, облустук штабдын отурумун өткөрдү.
Иш чарада Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин жана шайлоону уюштуруп, өткөрүү боюнча облустук штабдын мүчөлөрүнүн, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда алдыдагы шайлоо процессин таза, ачык, мыйзамдуу өткөрүп алуу маселеси талкууланды.
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өкмөттүн 373-токтому менен уюштуруу маселелери боюнча республикалык штабдын жетекчилигине бекитилгенин жана штабдын тең төрайымы болуп Нуржан Шайлдабекова дайындалганын маалымдады. Шайлоону уюштуруп өткөрүү маселелери жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөнүн белгилеп, айрыкча электр энергиясы, интернет, байланыш, транспорт маселелерин, шайлоо өткөрүүгө зарыл болгон бардык муктаждыктарды камсыздап берүү керектигин милдеттендирди.
-Бул шайлоо башка маанайда өтүшү керек. Биздин эң чоң саясий жоопкерчилигибиз – шайлоону таза өткөрүү. Аны менен Кыргызстандын тарыхындагы жаңы баракты ачуу. Баарынар көрүп тургандай, азыркы шайлоодогу талапкерлердин ичинде бир дагы олигарх жок. Демек баарыбыздын үмүтүбүз ушул шайлоону добуштарды сатып алуусуз, административдик ресурсту колдонуусуз, залакасын тийгизе турган терс көрүнүштөрү жок өткөрүп алуу,-деп белгиледи вице-премьер-министр.
Ошондой эле ал: “Мурдагы шайлоодо 0,5 миллион калк “Форма 2” менен өзү жашаган жерин алмаштырып, башка аймактан добуш берген. Бул шайлоодо мындай ыкма колдонулбайт. Ар бир жаран өзү жашаган аймакка кайрадан катталып, шайлоого барышы керек. Биометрикадан өтпөгөн жарандарыбыз дагы көп. Бул боюнча агартуу иштерин жүргүзүшүбүз зарыл. Паспортун алмаштыра албай жүргөн адамдардын себебин да тактап коюшубуз керек. Добуштарды сатып алуу же бурмалоо боюнча мыйзам бузуу фактысы болсо укук коргоо органдары 2-3 күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде аныктап, жыйынтыгын шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш. Бир да факты жашырылбашы керек. Укук коргоо органдарына бул боюнча катуу талап коюлууда”,-деп билдирди.
Отурумда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тарабынан алдыдагы референдум жана шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берилди. Анын айтымында, 10-январь күнү Кыргыз Республикасынын башкаруу системасын тандап алуу боюнча референдум жана Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Шайлоочу 2 бюллетень аркылуу добуш берет. Референдумдун бюллетени ак түстө, ал эми шайлоонуку көк түстө болот. Шайлоочулар кол тамгасы менен эки чек алып, анын негизинде бюллетендерди алышат. Кээ бир шайлоочулар бирөөнө катышса, экинчисине катышпай коюшу мүмкүн. Бул алардын укугу. Шайлоочулардын тизмесин тактоо үстүбүздөгү жылдын 29-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Жыйында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүп, облустагы 171 шайлоо участкасынын 169у толук даяр болгонун маалымдады. Ошондой эле административдик ресурсту колдонбой шайлоону таза өткөрүү боюнча облустук, райондук жетекчилерге жана укук коргоо органдарына тапшырмалар берилгенин жана тыкыр көзөмөлдө экенин билдирди.
Аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү тарабынан шайлоо убагында иштегендерге төлөнүп берилүүчү сый акынын көлөмүн көбөйтүү, шайлоо бюллетендеринин сапатына көңүл буруу сыяктуу бир катар көйгөйлүү маселелер ортого салынып, талкууланды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика