Menu Close

“ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНДӨ АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРС КОЛДОНУЛБАЙТ”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев бүгүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) өкүлдөрүн кабыл алды.
Шайлоо өнөктүгүн уюштуруп өткөрүүгө байкоо жүргүзүү максаты менен келген Филиппо Ристольдо жана Лев Тарских мырзаларды жылуу кабыл алган облус жетекчиси алар менен кеңири баарлашты.
Сабыркул Ашимбаев шайлоо өнөктүгүнө даярдыктар өз деңгээлинде жүргүзүлүп жатканын билдирүү менен: “Биздин өлкөбүздө буга чейин шайлоолор мыйзам бузуу менен өткөрүлуп келген. Азыр элдин талабына ылайык жаңы нукка бурганга, шайлоону таза өткөргөнгө аракет кылып жатабыз. Кыргыз эли байыртадан демократ эл. Бул жолу элдин өз ыктыярына коебуз. Административдик ресурс иштебейт. Облустук, райондук деңгээлдеги бардык жетекчилерге ким шайлоо ишине аралашса катуу жазага тартылаарын эскерттим. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп берилет. Буюрса шайлоо өнөктүгүнүн ачык, таза өтөөрүнө өзүңүздөр да күбө болосуздар”,-деди.
Жолугушууда Филиппо Ристольдо мырза ыйгарым укуктуу өкүл менен таанышканына кубанычта экенин билдирди. Шайлоо башталгыча жана шайлоо убагында облустагы бардык шайлоо участокторунда болуп, байкоо жүргүзүшөөрүн, жыйынтыгында өлкөдөгү шайлоо боюнча абалга жалпы баа берилээрин айтты.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика