Menu Close

ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮН МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ, ТАЗА ӨТКӨРҮҮ КЕЛЕЧЕККЕ БОЛГОН ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо болот. Ал эми 4-сентябрдан баштап шайлоо өнөктүгүнө карата үгүт иштери башталат. Өлкөбүздүн келечеги үчүн мааниси чоң өнөктүктү ачык, таза, жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын, мыйзамдуулук принциптерин жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен өткөрүп алуу негизги милдеттерден.
Бул максатта бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жыйын өткөрүлдү. Мында каттоодон өткөн саясий партиялардын, жергиликтүү бийлик, укук коргоо, коопсуздук сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин катышуусунда алдыдагы шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде, коопсуздук эрежелерин сактоо менен ачык-айкын өткөрүп алуу маселеси каралды. Иш чарада шайлоого катышууга Нарын облусу боюнча каттоого алынган саясий партиялардын ортосунда өнөктүктү мыйзамдарды сактоо менен таза өткөрүү келишимине кол коюлду.
Жыйынга катышкан Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов: “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен мамлекетибиздин келечегине жооптуу, мыйзам чыгара турган чоң саясий түзүлүштү тандап алабыз. Учурда шайлоону уюштуруп, өткөрүү боюнча жергиликтүү бийлик органдары тарабынан даярдыктар көрүлүп жатат. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп берилет. Эң негизги максат шайлоону таза, тынч, мыйзам чегинде өткөрүп алуубуз керек. Бири-бирибизге бут тоспой, жамандабай, мыйзам бузуучулукка барбай өткөрүп алуу шарттарынын баары келишимде жазылган”,-деп белгилеп, бардык партияларга ийгилик каалады.
Укук коргоо, коопсуздук сактоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан шайлоо өнөктүгүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча болгон аракеттер көрүлөөрү, ар кандай маселелер жаралса тартынбай кайрылуулары керектиги айтылды. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин добуштарды сатып алуу боюнча Нарын жана Кочкор райондорунда 2 кылмыш иши козголгондугу билдирилди.
Жыйында Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Жибек Бейшембиева үгүт иштеринде санитардык талаптар толук сакталышы керектигин, чогулуштарга 50 кишиден ашык адамдарды катыштырбоо, адамдар ортосунда 2 метр аралыкты сактоо, штабдарды санитайзер, антисептик өңдүү жугушсуздандыруучу каражаттар менен камсыздоо, жыйналыштарды желдетүүгө ыңгайлуу имараттарда 2 сааттан ашпаган убакытта өткөрүү, республикалык штабдын бирдиктүү алгоритми менен иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.
Ал эми Нарын медиаборборунун башкы директору Каныкей Жунусова бардык партиялар менен келишим түзүп иштешүүгө медиаборбор даяр экендигин, тигил же бул партиянын кызыкчылыгын көздөгөн учурларга жол берилбей тургандыгын, үгүт иштеринде рекламалык роликтерге, кечки сюжеттерге, дебаттарга чыгууга бардык партияларга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын, Ат-Башы райондорундагы жана Нарын шаарындагы жооптуу өкүлү Бакыт Өмүралиев үгүт иштери 4-сентябрда башталып 3-октябрда кечки саат 20.00дө токтотулаарын, быйыл пандемияга байланыштуу үгүт иштеринде концертттик, оюн-зоок программаларына тыюу салынып, массалык маалымат каражаттары аркылуу дебаттарды уюштурууга басым жасалаарын айтты.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары, шайлоого даярдык көрүү жана шайлоону өткөрүү боюнча облустук штабдын башчысы Семетей Черикбаев билдиргендей, учурда бардык шайлоо аймактарында уюштуруу иштеринен чарбалык жумуштарга чейин даярдык көрүлүп жатат. Облустагы 171 шайлоо аймагында 201 миңден ашык шайлоочу бар. Биометрикалык каттоодон өтө элек 11 миңден ашык адам болсо анын көпчүлүк бөлүгүн ички, сырткы мигранттар жана каза болгондугу тууралуу күбөлүк ала электер түзөт. Ал эми облустун ичинде жүрүп биометрикалык каттоодон өтө электер 3 миңден ашык адам. Учурда шайлоону таза өткөрүү максатында аларды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жыйынга катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоочулардын тизмеси жана алардын башка аймактан добуш берүүсү боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика