Menu Close

РОССИЯ-КЫРГЫЗ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН КАРЖЫЛООЛОРДУ КӨБӨЙТҮҮ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРДҮ

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, бүгүн, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрүн кабыл алып, Нарын облусун насыялык каржылоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасынын кеңешчиси Мурат Мукамбетов фонд ачылгандан бери Кыргызстан боюнча 2700 долбоор 417 миллион АКШ долларына каржыланганын, ал эми Нарын облусу боюнча 85 долбоор колдоого алынып, 4 миллион 911 миң АКШ доллары ишкерлерге берилгенин маалымдады. Насыянын үстөгү 8 пайыздан өйдө экенин, бирок фонддун талабына жооп берген долбоорлор азыраак болуп жатканын, ошондуктан долбоор түзүү кадамдарында жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.
Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев фонддун өкүлдөрүнөн мал чарбасы жана кичи, орто ишкердикти өнүктүрүү багытындагы долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруп, жеңилдетилген насыяларды берүү жагынан жардам берүүлөрүн өтүндү. Мындан сырткары Нарын облусуна берилген каржылоонун көлөмүн көбөйтүү үчүн облуста фонддун кеңсесин ачуу, квартал сайын фонддун өкүлдөрү тарабынан ишкерлер менен жолугушууларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу боюнча сунушун айтты. Ошондой эле насыялар өнөктөш банктар аркылуу берилгендиктен банктардын долбоорлорду кабыл алуу механизмдерин кайра карап чыгуу зарылдыгы, фонддун каражатын бөлүштүрүүдө Улуттук банк тарабынан өнөктөш банктарга план берилсе жакшы болоору тууралуу пикирин билдирди. Ал эми берилген насыялардын максаттуу жумшалышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешүү натыйжалуу болоорун белгиледи.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Элмурат Абдыраимов бул пикирлер сөзсүз эске алынаарын айтты. Сүт, эт, балык өндүрүү жана багбанчылык боюнча долбоорлорду жер-жерлерден табууга өздөрү да аракет кылып жатышканын, иш сапарынын алкагында райондогу ишкерлер менен жолугушаарын маалымдады.
Жолугушуунун соңунда алдыда биргелешип жүзөгө ашыра турган иш чаралардын келишимине кол коюлду.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика