Menu Close

ПАНДЕМИЯГА СЕРГЕК КӨЗ КАРАШ МЕНЕН КАРАП, АҢ-СЕЗИМ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛАЛЫ!!!

Учурда пандемиянын жайылып кетүү коркунучу жогору. Оору жуктургандардын саны күндөн күнгө көбөйүп баратканына жана чектөө киргизүүлөргө карабай тойлорду, мааракелерди, куран окутуу иш чараларын тынымсыз өткөрүп жатканыбыз кооптондурат.
Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында жугуштуу инфекция менен 69 адам дарыланууда. Алардын 64ү вирустук пневмония, 5өө ковид илдетин жуктургандар. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 8, Ак-Талаада 11, Кочкордо 22, Жумгалда 14, Нарын шаарында 14 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде өтө оор абалдагы бейтаптар бар. Бүгүн ооруканага жаңы жаткандары 11.
“Биринчи байлык-ден соолук” экенин быйылкы пандемиянын оор күндөрү далилдегендей болгон. Бирок ошол күндөрдү тез эле унутуп, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгына кайдыгер карап жатканыбыз өкүнүчтүү. Качан гана оору күчөп, айлабызды таппай калганда эсибизге келебизби?!
Пандемияга сергек көз караш менен карап, аң-сезим менен мамиле кылууга жалпы коомчулукту чакырабыз. Адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна кесепетибизди тийгизбейли десек той-аштарды өткөрүүнү, кадыр-көңүлгө карап чакырган жерге барууну токтото туралы, туугандар!!! Беткап тагынууну, аралыкты, эрежелерди сактоону эсибизден чыгарбайлы!!!
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика