Menu Close

“ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ УЧУРУНДА АДАМ УКУКТАРЫНАН МИЛДЕТТЕРИ ЖОГОРУ ТУРАТ”

10-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк адам укуктарын коргоо күнүнө карата С. Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында “Адамдын көркү-адилеттүүлүктө, жигиттин көркү адептүүлүктө” аталышындагы иш чара өткөрүлдү.
Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева адам укуктарына 10-декабрда гана көңүл бурулат деген ойдон алыс болуу керектигин, жыл бою адам укуктарын коргоо жаатында жасалган иштерге ушул күнү баа берилип, жыйынтык чыгарылаарын белгиледи.
Ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда адам укуктарынан милдеттери жогору тураарына токтолуп: “Азыр биз пандемияга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда жашап жатабыз. Бул учурда адам укуктарынан милдеттери жогору турат. Киргизилген чектөөлөрдү аткара албасак эскертүү берилет, же мыйзам чегинде айыптар салынат”,-деп билдирди.
Бул күнү КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаевге жана аталган өкүлчүлүктүн кызматкери Хусеин Өскөнбаевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары ыйгарылды.
Иш чарада КР Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен С. Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы биргелешип уюштурган окуучулар арасындагы дилбаяндар сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика