Menu Close

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИНЕН АЯЛУУ КАТМАРГА ЖАРДАМ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин аракети менен суук түшө баштагандан бери 1450 тонна көмүр тартылып келинип, Нарын шаарындагы жана Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акысыз таратылып берилген.
Мындан сырткары, бүгүн, 17-декабрда Нарын районуна 150 тонна көмүр тартылып келинип, 15 айыл өкмөткө 10 тоннадан көмүр бөлүндү.
Райондун акими Алтынбек Сеңирбаев билдиргендей, алып келинген көмүр ар бир айыл өкмөттөгү аз камсыз үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү жеткирилмекчи. Транспорт таап, көмүрдү тартып келүү иши райондук администрация жана айыл өкмөттөрү тарабынан колго алынды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика