Menu Close

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Улуттук коопсуздук кызматкерлерин алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктады.
Кыргызстанда 20-декабрь – Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 2007-жылдан бери белгиленип келет.
Облус жетекчиси улуттук коопсуздук кызматкерлеринин каармандыгына, бекемдигине, жогорку кесипкөйлүгүнө жана Мекенге берилгендигине урмат көрсөтөөрүн билдирди.
Ошондой эле азыркы мезгилдин шарттарында эл аралык терроризмге, экстремизмге, трансулуттук кылмыштуулукка, наркотрафикке жана коррупцияга каршы туруу глобалдык масштабдагы өтө актуалдуу маселелер экендигин, мындай кырдаалда өлкөбүздүн тынчтыгы жана эгемендүү жашоосу үчүн улуттук коопсуздук кызматынын мааниси бийиктигин белгиледи. Быйыл айрыкча оор сыноолор коштогон жыл болгонун айтып, кыйынчылыктарга карабай мамлекетибиздин стабилдүүлүгүн жана мамлекеттүүлүгүн туруктуу кармоого салымын кошуп жаткан коопсуздук кызматкерлерине ден соолук, иштерине ийгилик каалады.
Алдыңкы кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары ыйгарылды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика