Menu Close

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗЫЛ-СУУ АВТОНОМДУК ОКРУГУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮУЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗДҮ

22-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Кызыл-Суу автономдук округунун губернаторунун биринчи орун басары Уан Шин Ган жана Улугчат районунун акими Си-Яр Кален мырза баштаган Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү менен он-лайн жолугушууга катышып, Кытайдан жүк ташыган автоунаалардын каттамын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Эки тараптуу баарлашууда облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Улуу Кытай Эл Республикасындагы жунго элинин жакындап келе жаткан көктөм майрамы менен куттуктады. Ошондой эле “Торугарт” тарабынан жүк ташыган автоунаалардын каттамын көбөйтүү боюнча аракеттер жүзөгө ашпай жатканын белгилеп, ушул жагын эртерээк жолго коюп берүүлөрүн өтүндү. Мындан сырткары Нарын шаарындагы Шалбар ишканасынын базасында “Хантоо Инвест” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ачылуучу 4 ишкананын жабдуулары Кашкардан чыкпай атканын, ушул жабдууларды эртелеп чыгарып берүүгө жардам берүүлөрүн сурады.
Кызыл-Суу автономдук округунун губернаторунун биринчи орун басары Уан Шин Ган мырза Кытай тараптан жүктөлүп келген жүктөрдү түшүрүп, кайра Кыргызстан тарапка жүктөө үчүн тоолорду тешип, 10 миң чарчы метр аянтча жасашканын, жүк жүктөөнү жакшыртуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Бирок ошол эле учурда аба ырайынын татаалдыгы жана дезинфекциялоо жумуштары убакытты алып жатканын, жугушсуздандыруу иштерин талапка ылайык өз шарты менен жүргүзбөсө болбой турганын билдирди. Күн жылып кетсе жүк жүктөөнүн көлөмүн жакшыртканга аракет кылышаарын айтты.
Ал эми Кашкардан чыкпай аткан ишкананын жабдууларын 2 күндүн ичинде чыгарып беришээрин убада кылды.
Уан Шин Ган мырза Кытайдагы жунго элинин жөрөлгөлүү көктөм майрамы жакындап келаткандыктан Кыргызстандагы кытай жарандары майрамды өз мекенинен белгилөөгө аракет кылып жатышканын, бирок бул мүмкүн эмес экенин, себеби келишим боюнча Кытай-Кыргыз чек арасынан азырынча адамдардын каттамына тыюу салынганын айтып, буга чейин жалган документ менен өтүүгө аракеттер болгонун, ошондуктан чек араны жакшылап көзөмөлдөп берүүлөрүн өтүндү.
Сабыркул Ашимбаев бул жагынан укук коргоо органдарына катуу тапшырма берилгенин, бул сунуш Өкмөткө жана Тышкы иштер министрлигине билдирилээрин айтып, биз тараптан катуу көзөмөл болоорун билдирди.
Мындан кийин кызматташууну жакшыртуу боюнча ой-пикирлер ортого салынды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика