Menu Close

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ КОЧКОР, ЖУМГАЛ РАЙОНДОРУНДАГЫ КЫШКА ДАЯРДЫКТЫН, ОРУП-ЖЫЮУ ИШТЕРИНИН АБАЛЫН КӨРДҮ

16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Кочкор жана Жумгал райондорунда жумушчу сапарында болду.
Иш сапарынын жүрүшүндө облус жетекчиси райондордогу оруп-жыюу өнөктүгүнүн жана социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгынын абалын көрдү. Курулуш иши жүрүп жаткан мектептерде, айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарда, эгин талааларында, кайра иштетүүчү ишканаларда болуп, көйгөйлүү маселелерди укту. Ошондой эле шайлоо округдарындагы уюштуруу иштеринин абалы менен таанышып, шайлоо комитетинин мүчөлөрүнөн өнөктүктү коопсуздук эрежелерин сактоо, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү менен таза өткөрүп берүүлөрүн өтүндү.
Мындан сырткары Жумгал районундагы Дыйкан – Кара-Кече унаа жолуна түшкөн жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Облус жетекчисинин иш сапары эртең, 17-сентябрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы “Кара-Дөбө” БСРинин, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жол курулушунун, Миң-Куш аймагындагы көмүр өндүрүү ишканаларынын ишин көрүү менен улантылмакчы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика