Menu Close

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ГЕРМАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ГЕРМАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 30-сентябрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жана биринчи орун басары Касен Асизов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолукту.

Моника Иверсен Нарын облусуна экинчи ирээт келип жатканын айтып, биринчи сапарында облустун мурунку башчысы Аманбай Кайыпов менен жолукканын эскерди. Бул сапары жаңы жетекчи менен жолугуудан башталганын, таанышуу максатында келгенин кошумчалады. Муну менен катар облуста элчилик тарабынан буга чейин жасалган иштерге токтолуп, мындан ары да чогу иштешүүгө дилгир экенин билдирди.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов жыл ичинде Нарын шаарында 150 тонналык сүт заводу ачылып, ишке берилгенин билдирди. Кийинки жасалуучу иштери жана пландары менен бөлүштү. Алардын катарында, облуста этти кайра иштетүүчү ишкана куруу, Ат-Башы балын дүйнөлүк брендге айлантуу, билим берүү тармагында тил үйрөнүүчү облуста көптөгөн борборлорду ачуу, туризм багытында туристерди арбын тартуу, инвесторлор менен эл аралык форумдарды жыл сайын өткөрүү сыяктуу иштерге токтолду.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика