Menu Close

НАРЫНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛЫП, АЛДЫГА МИЛДЕТТЕР БЕЛГИЛЕНДИ

10-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коллегиянын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда 2020-жыл ичиндеги Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнун жыйынтыктары каралды.
Коллегиянын отурумунда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Адыл Сапаров жана Жаркын Ибраева тарабынан тармактардагы аткарылган иштер, көрсөткүчтөр жана кетирилген айрым кемчиликтер боюнча маалымат берилип, алдыга милдеттер белгиленди.
Жалпысынан алганда облустун экономикалык көрсөткүчтөрү айрым кемчиликтерди эске албаганда негизинен аткарылган. Дыйкандар дан эгиндеринен жакшы түшүм алып, тоют өсүмдүктөрү дагы салыштырмалуу арбын жыйналган. Ошол эле учурда өнөр жай продукцияларынын көлөмү жана мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча кемчиликтерге жол берилген. Жайыт акыларын чогултууда малдын башы жылдан жылга өскөнүнө карабастан айрым айыл өкмөттөрүндө жайыт акыларын чогултуу пландары мурдагы бойдон калган. Райондун финансы бөлүмдөрү тарабынан бюджеттин киреше бөлүктөрүн пландоодо аймактардын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынбай келүүдө.
Ал эми жыл ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармагында дагы жасалган иштер менен бирге бир катар кемчиликтер орун алган. Окуучулардын билим сапатын көтөрүү, мектептерди интернет менен камсыз кылуу, облус боюнча 153 дарыгер жетишсиз болгондуктан медицина тармагына дарыгерлерди тартуу, аларга шарт түзүп берүү негизги милдеттерден. Жыл ичинде энелердин өлүмүнүн 3 учуру, ал эми ымыркай балдардын өлүмүнүн 72 учуру катталган. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда кабыл алуулардын саны 29,1 пайызга азайып, же өткөн жылга салыштырмалуу 184 794 адамга аз кабыл алынган. Ковид илдети менен облус боюнча 2376 адам катталып, 2246 адам илдеттен сакайып чыккан. Тилекке каршы 68 адам каза болгон. Социалдык коргоо жаатында 18 жаштан ашкан майып жарандарды баккан ассистенттерге төлөнүүчү төлөмдөрдүн токтотулуп жатканы негизги көйгөйлөрдөн. Ошондой эле жыл ичинде жашы жете электерге карата жасалган зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиленин 32 учуру катталган.
Жыйында жогоруда аталган жана башка маселелер талкууланып, кемчиликтердин себептерине анализ жасалды. Ошондой эле алдыга бир катар иш милдеттери белгиленди.
Ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев бүгүнкү күндүн негизги талабы бюджетти толтуруу экенин баса белгилеп, белгиленген планды көбөйтүп, салык жыйымдарын чогултууда жакшы иш алып баруу керектигин милдеттендирди.
Ошондой эле инвесторлорду тартуу, туризм тармагына көңүл буруу, туристтик аймактарга уюлдук байланыш түйүндөрүн жеткирүү маселеси зарылдыгына токтолуп, бул боюнча “Мегаком” компаниясынын Нарын облусундагы филиалынын жетекчиси Р. Адиевге сунуштарын айтты.
Облус жетекчиси коллегияда ар бир кызмат адамын карапайым элге жакшы мамиле кылууга чакырып, элдин бийликке болгон ишенимин кайтаруу үчүн элдин суроо-талабына өзгөчө көңүл буруу менен иш алып баруу зарылдыгын тапшырды. Ал эми ишине кош көңүл мамиле кылган жетекчилердин кызмат абалы каралаарын эскертип, жаңы дем, жаңы багыт менен жигердүү иш алып барууга чакырды.
Коллегиянын отурумунда Нарын облусунун прокурору Бактыбек Кетиреңов тарабынан Нарын облусундагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат берилди.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика