Menu Close

НАРЫНДА “ЖАШЫЛ АЙМАК” ДОЛБООРУ КОЛГО АЛЫНДЫ

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев айлана-чөйрөнү көрккө келтирүү максатында “Жашыл аймак” долбоорун ишке ашырууну демилгелеп, анын алкагында облустук, шаардык, райондук мекеме-уюмдарды, элди ойготуу менен шаар ичине жана айыл аймактарына карагайдын көчөттөрүн отургузууну сунуштаган.
Бул иш колго алынып, 3-апрель күнү ыйгарым укуктук өкүл Сабыркул Ашимбаевдин катышуусунда Нарын шаарындагы сейил бактарга, эс алуу жайларына карагайдын көчөттөрү отургузулду. Бул күнү шаар ичине жалпы 117 түп көчөт тигилип, мекеме-уюмдар жана коомчулук жигердүү катышты.
Быйылкы жылы Нарын шаарына карагайларды, мырза теректерди жана кара бактарды кошкондо жалпы 10 миң түп көчөт отургузуу пландалууда.
Бул иш бардык райондордо улантылып, жашылдандыруу акциясын ар бир аймак колдоого алуусу зарыл.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика