Menu Close

НАРЫНДА РЕФЕРЕНДУМ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 11-апрелде эртең мененки саат 8.00до Нарын облусунун бардык аймактарында шайлоо участоктору ачылып, референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарындагы №4067-шайлоо участогунда алгачкылардан болуп добуш берди.
Шайлоо участогунда болгон учурда облус жетекчиси бул күн келечегибизди тандаган тарыхый күн экендигин баса белгилеп, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн коопсуздук эрежелерин жана тартипти сактоо менен тынч, таза өткөрүп берүүлөрүн өтүндү.
Учурда шайлоого келгендердин катары арбын болууда.
Жалпы коомчулукту шайлоого жигердүү катышып, добуш берүүгө чакырабыз!!!
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика