Menu Close

НАРЫНДА ОРУП-ЖЫЮУ ӨНӨКТҮГҮ КЫЗУУ УЛАНТЫЛУУДА

Нарын облусунда тоют өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 73 пайызга аяктап, 348 635 тонна тоют даярдалды. Ошондой эле 3652 гектар аянттагы дан эгиндери жыйналып, 8920 тонна дан кампаларга төгүлдү. Ошол эле учурда тоют өсүмдүктөрүнүн экинчи, үчүнчү сугат иштери улантылууда.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Табылды Жумагулов билдиргендей, өстүрүлгөн түшүмдү убагында коромжусуз жыйнап алуу үчүн колдо болгон 214 дан бастыруучу комбайндын 196сы же 92 пайызы ремонттолгон. Облус боюнча 2020-жылы 11 жаңы дан жыйноочу комбайн алынган.
Алсак, муниципалдык менчикке Ак-Талаа району 3 комбайн (Ак-Чий, Баетов, Кош-Дөбө айылдары), Жумгал району 2 комбайн (Байзак, Баш-Кууганды айылдары), Нарын району 3 комбайн (Жерге-Тал айылы) алышкан. Ал эми Кочкор районунун Кочкор айылында 2 комбайн, Нарын районунун Дөбөлү айылында 1 комбайн жеке менчикке насыяга алынган.
Чүй облусуна жардамга барган 26 комбайн кайтып келген. Мындан сырткары башка региондордон кошумча 21 комбайн тартылып, оруп-жыюу өнөктүгүнө катышууда.
Облустун аймактарындагы май куюучу жайларда дизелдик күйүүчү майдын 1 литри орточо 36-00 сомдон эркин сатыкта турат.
Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоору аркылуу 911 кардарга 430638,0 миң сом берилсе, анын ичинен дыйканчылыкка 111 кардарга 23435,0 миң сом каржыланган.
Быйыл облус боюнча жалпы 39866 гектар жер айдалып, анын 5757 гектарына буудай, 18877 гектарына арпа, 34 гектарга жүгөрү, 6151 гектарга картошка, 472 гектарына жашылча, 8551 гектарына чөп өсүмдүктөрү себилген. Дыйкандарыбыздын маңдай тери акталып, түшүмү мол болушуна тилектешпиз.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика