Menu Close

НАРЫНДА КОМУЗ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МАДАНИЙ ИШ ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

 Нарын шаарынын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтында Комуз күнүнө арналган маданий иш чара өткөрүлүп, Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин комузчулар ансамблинин аткаруусунда комуз күүлөрү жаңырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 24-июлундагы Жарлыгы менен 9-сентябрь Кыргыз Республикасында Комуз күнү деп жарыяланган.
Быйыл экинчи ирет белгиленип жаткан улуттук аспаптарыбызды даңазалоо күнүнө карата республиканын аймагында атайын жумалыктар уюштурулуп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдиргендей, жумалыктын алкагында Нарын облусунун бардык райондорунун борборлорунда санитардык эрежелерди сактоо менен комуз күүлөрүн ойноо, окуучулар арасында аралыктан жат жазуу сынактарын уюштуруу, көзү өтүп кеткен залкар комузчуларды эскерүү иш чаралары өткөрүлмөкчү.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика