Menu Close

НАРЫНДА “КИТЕП-МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ” ИНТЕРАКТИВ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн, Нарын облустук С. Орозбаков атындагы облустук китепканада адабият күнүнө карата мектеп окуучулары арасында уюштурулган интерактивдүү сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Аталган кароо-сынак улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо жана балдардын адабий чыгармаларга болгон кызыгуусун арттыруу максатында С. Орозбаков атындагы облустук китепкананын демилгеси жана “ДЭМ” коомдук фондунун демөөрчүлүгү астында жарыяланган.
Он-лайн үлгүсүндөгү сынактын биринчи туру Нарын шаарындагы социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары арасында өткөрүлүп, жеңүүчү деп табылган 7 окуучуга смартфондор белек кылынган.
Ал эми экинчи туру облустук деңгээлде өткөрүлүп, ар бир райондон 30дан кем эмес окуучулар катышты. Жыйынтыгында райондордон тандалып алынган 10 окуучунун ичинен 3 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Биринчи орунду камсыздаган Нарын районунун Куланак айылындагы А. Аралбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Рамазан Бейшенов ноутбук менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга ээ болгон Нарын районунун Достук орто мектебинин 6-классынын окуучусу Уулназ Арстанбековага жана үчүнчү орунга ээ болгон Ат-Башы районунун Дыйкан айылындагы А. Капаров орто мектебинин 6-классынын окуучусу Саламат Сатыбалдиевага смартфон, китеп жана китепкананын Ардак грамотасы ыйгарылды. Сынактын башка катышуучулары да кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Иш чарага катышкан Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева сабактар аралыктан окутулуп жатканына карабай сынактарга активдүү катышкан окуучулардын аракетине жана ата-энелердин колдоосуна жогору баа берди. Ошондой эле уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди. С. Орозбаков атындагы облустук китепкананын директору Анара Байгабатовага “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин салтанаттуу кырдаалда ыйгарып, китепкананын эмгек жамаатына ийгилик каалады.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика