Menu Close

НАРЫНДА ЭНЕРГЕТИКА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

22-декабрь-Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө карата Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Жыйында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын облусунун жылуулук, энергетика тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесип күнү менен куттуктап, алардын коомдогу ролун баса белгиледи.
-Өзгөчө тоолуу Нарын облусунун калкын, экономика тармагын электр энергиясы менен камсыз кылууда сиздердин эмгегиңиздер зор. Жарым саат жарыгыбыз өчсө үйүбүз муздап, тамак-ашыбыз бышпай, болгон жумушубуз токтоп калат. Ошондуктан Сиздердин эл алдындагы кызматыңыздар эл өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат.
Жайдын аптабына, кыштын чилдесине карабай өчүрүүлөрдү алдын алып, авария болгон аймактарда күнү-түнү иштеген эмгегиңиздерди албетте жогору баалайбыз. Кыш мезгилине жакшылап камылга көргөн үчүн буюрса жарыгыбыз өчпөй кыштын күндөрүн өткөрүп жатабыз. Сиздердин жардамыңыздар менен элибизди кыштан үшүтпөй аман-эсен алып чыгып кетебиз деген ишеничтемин,-деп билдирди облус башчысы өз сөзүндө.
Ошондой эле облустун элин, экономика тармагын электр, жылуулук энергиясы менен камсыз кылууда Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын, «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын, Ат-Башы ГЭСинин жана Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин филиалынын эмгек жамааттары өздөрүнүн иштерин ийгиликтүү алып барып жатышканын баса белгиледи.
Мындан сырткары: “Кечээ эле Ат-Башы ГЭСинде реконструкцияланган жаңы агрегат ишке кирди. Реконструкциялоо долбоору толугу менен аяктаса электр энергиясын көбүрөөк өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Биздин облусубуз электр энергиясынын булагы болгон суу ресурстарына бай. Кудай буюрса Нарын суусуна чакан ГЭСтерди куруу биздин жакынкы келечектеги иш максаттарыбыздын бири. Энергетика тармагы биздин облусубуздун, өлкөбүздүн локомотиви болуп кала бермекчи. Өзүңүздөр билгендей, бийлик алмашып, жаңы багытка карай кадам алдык. Энергетика тармагында дагы көп реформалар, жаңы кадамдар жасалат деген ишеничтемин”,- деди С. Ашимбаев.
Ыйгарым укуктуу өкүл энергетика тармагынын кызматкерлерине жакшы тилектерин арноо менен бирге алардан калктын аялуу катмарына каралашып, электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпай турууларын өтүндү.
Иш чарада энергетика тармагынын мекеме жетекчилери тарабынан да куттук сөздөр айтылып, кесип ээлерине каалоо-тилектер арналды.
Кызмат алдыңкыларына ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин “Каарман” төш белгиси менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Аскербек Насирдинов сыйланды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика