Menu Close

НАРЫНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ДЕН СООЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

7-апрель – Бүткүл Дүйнɵлүк Ден соолук күнүнө карата Нарында сергек жашоо образына үндөгөн медициналык жана спорттук иш чаралар уюштурулду.
Нарын шаарындагы борбордук аянтта Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолук кабинетинин кызматкерлери тарабынан медициналык кароо жүргүзүлүп, коомчулукка акысыз кеп-кеңештер берилди.
Мындан сырткары Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан айымдар жана мырзалар арасында жеңил атлетикалык кросс өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.
Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев өткөн жылдан бери ден соолуктун жана аманчылыктын баасын, медицина кызматкерлеринин баркын жакшы түшүнгөнүбүздү белгилеп, спорт менен машыгууга, сергек жашоо образын алып жүрүүгө чакырды.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика