Menu Close

НАРЫНДА АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ АКЫСЫЗ КӨМҮР ТАРАТЫЛДЫ

 8-ноябрда Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы аз камсыз, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө “Ассалам” кайрымдуулук фондунун директору Нурмухаммед Миңбаев тарабынан 370 тонна көмүр түшүрүлүп, таратылып берилди.
Көмүр алып жаткан эл менен жолуккан облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев эки-үч күн мурда Нурмухаммед Миңбаевге барып жолугуп, элибизге жылдагыдай колдоо көрсөтүп берүүсүн өтүнгөнүн, бүгүн ошол өтүнүчтү колдоп Нарын районуна 130, Нарын шаарына 70, Ат-Башы районуна 170 тонна көмүр отунун тарттырып келип элге таратып берип жатканын айтты. Эл-журттун атынан Нурмухаммед Миңбаевге терең ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады. Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары аз камсыз үй-бүлөлөргө дагы 600 тонна көмүр алып келүү жагы башка тараптар менен сүйлөшүлгөнүн, буюрса жакынкы күндөрдө тартыла баштаарын маалымдады.
Ал эми элге кам көрүп, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кайрымдуулук жасап жаткан Нурмухаммед Миңбаев көмүр отуну бардык райондорго жеткирилээрин, ынтымак болсо, кудай насип кылса бардык нерсе орундалаарын билдирди.
Кайрымдуулук иш чарасынын натыйжасында Нарын шаарынан 200, Нарын районунан 371, Ат-Башы районунан 333 үй-бүлө 7 каптан көмүр алды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика