Menu Close

НАРЫНДА АТ-БАШЫ ГЭСИНИН №3-СУУ АГРЕГАТЫ ИШКЕ КИРДИ

21-декабрда, Нарын облусунун энергетика тармагында чоң саамалык болуп, Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланып жаткан №3-суу агрегаты ишке кирди.
Белгилей кетсек, “Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо” долбоору 2017-жылы башталган. 2019-жылдан бери негизги агрегаттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун 80 пайыз каражаты грант катары Швейцария мамлекети тарабынан, калган бөлүгү өздүк салым катары “Электр станциялар” ачык акционердик коому тарабынан каржыланган. Жалпы наркы 23 миллион швейцар франкынын көлөмүнө барабар. Долбоордун жумуштарын General Electric подряддык уюму жүзөгө ашырууда.
Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоону аяктоонун натыйжасында 1970-жылдардан бери иштетилип, эскилиги жеткен жабдуулардын пайдалануу мөөнөтүн дагы 30-40 жылга узартуу, электр энергиясын өндүрүүнү жылына 150-180 млн.кВт саатка көбөйтүү менен кубаттуулугун 4 МВт же 10 пайызга жогорулатуу күтүлүүдө.
Ат-Башы ГЭСинин башкы инженери Урмат Шейшенбек уулунун айтымында, быйыл COVID-19 илдетине байланышкан бардык кыйынчылыктарга карабастан долбоордун алкагында жабдууларды куроо иштери жана №3-гидроагрегатты пайдаланууга берүү жумушу толугу менен аяктаган. Ошондой эле №3, №4-гидроагрегаттардын соруучу түтүктөрүнун капкалары калыбына келтирилип, дренаждык тутуму бүткөрүлгөн. Мындан сырткары 28 МВА кубаттуулуктагы эки трансформатор алмаштырылган. Буюрса 6 ай сайын калган агрегаттар ишке берилип, долбоор 2022-жылы аяктамакчы.
Жаңы реконструкцияланган агрегатты пайдаланууга берүү майрамдык маанайда өткөрүлүп, иш чарага Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев, Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Нурбек Козубеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаев жана башкалар катышып, бул энерго долбоор Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан берки, Камбар-Ата ГЭСинен кийинки экинчи долбоор экенин, анын Нарын облусунун гана эмес өлкөбүздүн экономикасына тийгизген таасири чоң экенин белгилешти.
Салтанаттуу иш-чарада реконструкциялоо иштеринде жигердүү салымын кошкон кызматкерлерге жана подрядчы-компаниялардын өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика