Menu Close

НАРЫНДА 6211 ОКУУЧУ МЕКТЕП БОСОГОСУН АТТАДЫ

1-сентябрь – Билим күнүндө Нарын облусунун 142 мектебинде 6211 окуучу 1-класстын босогосун аттап, таанышуу сабактары болду. Ал эми 2-11-класстын окуучуларына алгачкы сабактар аралыктан өткөрүлдү.

Мектептерде балдардын коопсуздугу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аралыкты жана санитардык эрежелерди сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Бул максатта ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүнүп, 1-класстын окуучуларына көп жолу колдонулуучу беткаптар акысыз таратылып берилди.
Ошондой эле 1-класстарга сабак бере турган 282 мугалим коронавирус инфекциясына карата медициналык кароодон өтүштү.
Орто мектептерде жол кыймылын көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан да жол эрежелери боюнча лекциялар окулду.

Мектеп босогосун аттаган бардык жаш жеткинчектерге ак жол каалайбыз.

Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика