Menu Close

НАРЫН РАЙОНУНУН АЛЫШ АЙЫЛЫНДА ҮЧ ЭМ НАРИСТЕ ЖАРЫККА КЕЛДИ

Нарын районунун Алыш айылынын тургундары, жаш жубайлар Исмаилов Алмаз менен Ырысбек кызы Сезимдин үй-бүлөсүндө жакында эле үч эм наристе жарыкка келди.
Бул кубанычты тең бөлүшкөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүн балдарды көрүп барып, үй-бүлөнүн кем карчынан кабар алышты.
Райондун акими Алтынбек Сеңирбаев жана орун басары Анара Орозказиева облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин саламын жолдоп, ыйгарым укуктуу өкүл 3 тонна көмүр менен камсыз кылаарын билдиришти. Балдардын көрүмдүгүн берип, райондук администрациянын атынан бөбөктөрдүн уктоочу керебетин белек кылышты.
Тунгуч үч эм уулдун апасы Ырысбек кызы Сезим 2001-жылы туулган. Абалына жараша Бишкек шаарына жиберилип, операция жолу менен көз жарган. Балдардын атасы Алмаз уйдө беш бир туугандын улуусу. Ата-энеси менен бирге жашайт.
Балдарга илгери үмүт менен Садыр, Нуркожо жана Жапар деп ат коюшкан.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика