Menu Close

НАРЫН РАЙОНУНДА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ МЕНЕН МАЛ СОЮУЧУ ИШКАНА КУРУЛУУДА

Нарын районунун Кара-Бүк аймагында Өкмөт тарабынан берилген 6 пайыздык жеңилдетилген насыянын жардамы менен заманбап мал союучу ишкананын курулушу башталды.
Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өткөн жылы ишкерикти өнүктүрүүгө 2,0 миллиард сом жеңилдетилген насыялар берилип, анын алкагында Нарын облусунда 72 миллион сомго 20 долбоор каржыланган.
Бул долбоорлордун бири-мал союучу жай куруу долбоору болчу. Аталган долбоордун жалпы сметалык баасы 17,5 миллион сомго бааланса, анын 8,5 миллион сому 6 пайыздык жеңилдетилген насыя катары мамлекет тарабынан 2019-жылдын декабрь айында берилген.
Учурда долбоордун дренаждык, канализация жумуштары бүткөрүлүп, биринчи кабатынын пайдубалы түптөлдү. Курулуш иши жыл аягына чейин толугу менен аяктап, ишке берилээри күтүлүүдө.
Долбоордун жетекчиси Курманбек Жакшылыковдун айымында, бул жерде күнүнө 50 бодо мал, 100дөн ашык майда жандык союуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муздаткычтар коюлуп, союлган малды үч күн сактай турган шарты болот. Келечекте этти кайра иштетип, экспортко чыгаруу планы бар.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Leave a Reply

Яндекс.Метрика