Menu Close

Облус жетекчиси Кара-Кужурдагы көйгөйлөр менен таанышты

Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндө болуп, Жер-Көчкү, Лахол, Кара-Жылга айыл аймактарынын эли менен жолукту.

Облус жетекчиси алгач Жер-Көчкү айылындагы Баймоңол Кыязов атындагы орто мектептин, айылдагы бала бакчанын жана фельдшердик-акушердик пункттун кышка даярдыгын көрүп, андан кийин айыл тургундарынын маселелерин укту.

Жолугушууда Жер-Көчкү айылындагы орто мектеп авариялык абалда экендиги, АРИС эл аралык уюму тарабынан курула турган бала бакчанын курулуш иши долбоордо кемчиликтер болгондуктан кечеңдеп жаткандыгы, жол, көпүрө, жайыт маселелери, жаңыдан киргизилген таза суу системасынын курулушу сапатсыз бүткөрүлүп калгандыгы сыяктуу бир катар көйгөйлөр айтылды.

Андан кийин Лахол, Кара-Жылга айылдарында жолугушуулар өткөрүлүп, суроолордун басымдуу бөлүгүн жол, жайыт маселелери түздү.

Эмилбек Алымкулов жергиликтүү деңгээлде чечилүүчү маселелер боюнча тиешелүү кызмат адамдарына тапшырмаларды берип, ал эми мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөр жакында Өкмөткө сунушталып, чечүү аракеттери көрүлөөрүн билдирди.

Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика