Menu Close

НАРЫН ОБЛУСУНУН АБИТУРИЕНТТЕРИНЕ НОВОСИБИРК ОБЛУСУНАН АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун жогорку окуу жайларынан Нарын облусунун студенттеринин билим алуусу үчүн квота сурап кат жолдонгон.
Бул кат канааттандырылып, Нарын облусунун абитуриенттери үчүн Новосибирск облусунан юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент адистиктери боюнча акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Новосибирскиге окууга тапшырууну каалагандар үстүбүздөгү жылдын 12-апрелине чейин https://www.ranepa.ru/foreigners/ ушул шилтеме аркылуу документтерин жиберип, сынакка катышуулары керек.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика