Menu Close

НАРЫН ОБЛУСУНДА 12,4 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮҮДӨ

Нарын облусунун бардык райондорунун борборлорундагы, Нарын шаарындагы жана айылдар арасындагы 12,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Бул үчүн республикалык бюджеттин Капиталдык салымдар беренесинен 43 миллион сом каралган.
Жол чарба департаментинин Нарын облусундагы аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин бөлүнгөн каражаттын 31 миллион 600 сому өздөштүрүлүп, 9 чакырым жолдун курулушу аяктады.
Курулуш ишин ар бир райондун Жол тейлөө ишканалары жүргүзүүдө.
Быйылкы жылы Нарын районунун Алыш, Чет-Нура, Жумгал районунун Сары-Булуң, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылдарын коңшу айылдар менен бириктирген айыл аралык жолдорго дагы асфальт төшөлүүдө.
Мындан сырткары Дыйкан – Кара-Кече жолунда 45 чакырым, Нарын – Үч-Нура жолунда 40 чакырым, Баетов – Ак-Бейит жолунда 69 чакырым шагыл жол тартылып түздөлүүдө.
Ошондой эле Нарын-Баетов жолунда аң-чөнөктөрдү асфальт менен толтуруу иштери жүрүп жатат.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика