Menu Close

Нарын облустук Жарандык коргонуу комиссиясы Актал-Чат көпүрөсү боюнча кезексиз жыйынын өттү

Нарын облустук Жарандык коргонуу комиссиясы Актал-Чат көпүрөсү боюнча кезексиз жыйынын өттү

2017-жылдын 21-июнунда Нарын облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Жарандык коргонуу башчысы А.Кайыпов, биринчи орун басары К.Асизов, бөлүм башчылар Ө.Мамаев, Ж.Беккелдиев, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими С.Черикбаев,Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Шонкоев, №2 Жол чарба департаментинин Нарын облусундагы аймактык бөлүмүнүн начальниги Т.Абдылдабеков жана облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары катышты.
Күн тартибинде облустун “Акталчат-Соңкөл” унаа жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынын Актал-Чат көпүрөсүндө пайда болгон өзгөчө кырдаалдын алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралардын жүрүшү каралды.
Жол чарба департаментинин Нарын облусундагы №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдылдабеков, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким С.Черикбаев жана тиешелүү облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары маалымат беришип, маселени чечүү жолдору талкууланды.
Маалыматтын негизинде тийиштүү мекемелерге “Акталчат-Соңкөл” унаа жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынын Актал-Чат көпүрөсү аркылуу автоунаалардын өтүп кетпешине көзөмөлдү күчөтүү, ага альтернатива катары “Баетов-Макмал” жана “Онарча-Жаңыталап-Ашырма” автожолу аркылуу автоунаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоо милдеттендирилди.
Ошондой эле түзүлгөн өзгөчө кырдаалды эске алуу менен Өрт коопсуздугун камсыздоо максатында Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Тоголок-Молдо, Кызыл-Белес айыл аймактарында өрткө каршы кызматын уюштуруу аракеттерин көрүү жагы Нарын облусунун Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгына тапшырылды.
Калктын саламаттыгын камсыздоо максатында Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Тоголок-Молдо, Кызыл-Белес айыл аймактарындагы медициналык тейлөө мекемелерин тиешелүү жабдуулар, жетишерлик көлөмдө дары-дармектер, медициналык тез жардам көрсөтүүгө атайын автоунаа жана зарыл болгон учурда тажрыйбалуу адистер менен камсыздоо жана аталган айыл аймактарындагы кош бойлуулардын учетун тактап, медициналык кароодон өткөрүү менен алдын ала райондун же Нарын шаарынын төрөт үйлөрүнө жаткыруу чараларын көрүү облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун көзөмөлүнө коюлду.
Түзүлгөн өзгөчө кырдаалды эске алуу менен Ак-Талаа районунун борбору менен аталган айыл аймактарынын маршрутун ачуу, уюштуруу жагы жана “Нарын-Баетов-Макмал” жана “Онарча-Жаңыталап-Ашырма” автожолу аркылуу чектен ашкан оор жүк ташуучу автоунаалардын каттамын чектөө жана жүрүшүн көзөмөлгө алуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу авто жана суу транспорт мамлекеттик агенттигинин Нарын жана аймактык башкармалыгына тапшырылды.
Ал эми туристтик фирмалар менен байланышып, туристик маршруттарды алмаштыруу жагы жана Актал-Чат авариялык көпүрөсүнүн кесепеттерин тез арада чечүү жана аталган айыл аймактарында медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча тийиштүү жогорку органдарга кайрылуу жөнөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.

Эске салсак, Актал-Чат көпүрөсү 1967-жылдары курулуп, 50 жыл кызмат кылган. 6 пролеттон турат. Узундугу 141 м. 1981-жылы 2-тирөөчү ремонттон өткөн. 2017-жылдын апрель айында байкоо жүргүзүлүп, натыйжада №3 тирөөч 2-3 см чөгө баштагандыктан, Жол департаментине билдирүү берилип, 17.05.17 комиссиясы тарабынан каралган. Долборлоо институтуна долбоорун иштеп чыгуу боюнча техтапшырма берилген. Тирөөч буга чейин 42 см, андан бери 25 см, жалпы 67 см чөккөн.

Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика