Menu Close

КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ КҮТҮЛҮҮЧҮ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, анда 2020-2021-жылдардын кыш мезгилине күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери каралды.
Отурумду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды.
Жыйында Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтары тарабынан жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринин абалы боюнча маалымат берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Дөөлөтбек Ибираев билдиргендей, Нарын облусунун аймагындагы унаа жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлүүчү негизги 10 кооптуу аймак бар.
Кыш мезгилине даярдык көрүүгө Жол чарба департаментинин №2 регионалдык башкармалыгына караштуу жол тейлөө ишканаларынын, ошондой эле Бишкек-Торугарт унаа жолунун дирекциясына караштуу №41, №955 жана №957 жол тейлөө мекемелеринин кышкы тейлөө иштерине карата техникаларды даярдоо, ашуу-белдерге инерттик материал топтоо иштери жүргүзүлгөн. Ал эми кар көчкүлөргө даяр турууга атайын күйүүчү-майлоочу майлардын запасын кармоо, көчкү күтүлүүчү аймактарга жакын дистанцияларда кар көчкү тазалоочу техникаларды даярдыкка келтирүү иштери аткарылууда.
Мындан сырткары Нарын гидрометборбору тарабынан кар көчкүлөрү топтолгон аймактарга артиллериялык аттыруу иштерин жүргүзүүгө шарт түзүү максатында атайын рейкалар, белгилер орнотулган. Ошондой эле кардын калындыгын, кардын топтолуусун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп турат.
Жол тейлөө кызматынын даярдыктарынан сырткары, калктын кыш мезгилинде коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү түшкөн мезгилдерде жана кар көчкүлөрдү атайлап түшүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле кар күрткүлөрү катталган учурларда транспорт жана жүргүнчүлөр топтолгон учурда тамактануу жана жылынуу пункттарын уюштуруп, ошондой эле аларды отун-суу, тамак-аш менен камсыздоо маселесин чечүү зарыл
Аймактардагы алыскы жана жакынкы кыштоолордо жүргөн малчылардын үй-бүлөсүнүн жана мал-жандыктарынын сандарын тактоо, тоолуу аймактарда малдарды кайтаруу, кар көчкүсү топтолгон жантаймаларда ат менен жүрүү эрежелерин сактоо боюнча иш алып баруу жагы жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан колго алынышы талап кылынат.
Жылдын кыш мезгилинде электр тармактар ишканаларынын электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү максаты алдыга коюлуп, биринчи кезекте көмөкчү чордондорду жана аларга колдонуучу майлоочу каражаттарынын корун түзүп, даярдыкка келтирүүлөрү зарыл.
Ошондой эле турак-жайларды от менен жылытууда өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калктын коопсуздугун кыш мезгилинде камсыздап туруу негизги милдеттердин бири.
Мындан сырткары сайлардан суу алуучу арык-каналдардын баштары бекитилбей калып, кыш мезгилинде турак жайларды, чарбалык курулуштарды тос каптоого алып келүү шарттары түзүлгөндүктөн, ар бир арык-каналдардын суу алуучу курулмаларына текшерүү жүргүзүп, баштарын бекитүү керек.
Жыйында жогоруда аталган жана башка маселелер боюнча аткарылып жаткан иштер, иштеги айрым кемчиликтер талкууланды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрыкча жол кырсыктарын алдын алуу максатында инерттик материалдарды төгүү, малга байланышкан жол кырсыктары көп болуп жаткандыктан мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо, кар көчкү, жер көчкү боло турган аймактарда алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика