Menu Close

КӨМҮР ТАҢСЫКТЫГЫ ЧЕЧИЛИП, НАРЫНГА КӨМҮР ЖҮКТӨЛӨ БАШТАДЫ

Кара-Кече көмүр кесиминде кезек көмүрдүн чыгуусун күтүүдөн улам Нарын шаарында акыркы 1-2 сутка ичинде көмүр таңсыктыгы келип чыккан. Бул маселе чечилип, Нарын шаарындагы Б. Аттокуровдун көмүр базасынан барган 2 автоунаага көмүр жүктөлүп жолго чыкты. Учурда Кара-Кечеде дагы 20дан ашык автоунаа бар. Облус жетекчилиги тарабынан көмүр кесимине Нарын шаарынын мэри баштаган кызматкерлер жиберилип, абал көзөмөлдөнүүдө. Буюрса эртеңден баштап Нарын шаарынын калкы көмүр отуну менен камсыздалат.
Эске салсак, кышкы тазалоо иштеринен кийин Нарын облусунун Кара-Кече көмүр кениндеги “Шарбон” ишканасы үстүбүздөгү жылдын 8-январынан, ал эми “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 13-январдан баштап сорттолгон көмүр отунун чыгара баштаган.
Буга чейин облус жетекчилиги менен көмүр өндүргөн ишканалардын ортосундагы макулдашуунун негизинде Нарын облусунун аймактарына көмүр отуну кезексиз жүктөлүп чыгарылып жаткан. Карьерде майда көмүр чыгып жаткандыгына байланыштуу бир аз үзгүлтүк болуп, маселе кайрадан жолго коюлду.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика