Menu Close

КОЛЛЕГИЯДА НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨР ЖАМАН ЭМЕСТИГИ БЕЛГИЛЕНИП, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУ МИЛДЕТТЕРИ КОЮЛДУ

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустук коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлүп, анда үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралды.

Жыйынга коллегия мүчөлөрүнөн тышкары райондордун акимдери, алардын орун басарлары жана облустук мекеме-ишканалардын  жетекчилери катышты.

Жарым жыл ичиндеги негизги көрсөткүчтөр боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары Семетей Черикбаев жана Жаркын Ибраева тарабынан кеңири маалымат берилди.

Берилген маалымат боюнча, экономика тармагында 6 ай ичинде 962,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45,0 миллион сомго көбөйүп, өсүү темпи 104,9 пайызды түзгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 94,0 пайыз болгон.

Негизги өнөр жай продукцияларынан 53,7 миллион киловатт/саат электр энергиясы (92,3 %), 238,9 миң тонна көмүр (118,3%) өндүрүлгөн.

Облустагы негизги 38 өнөр жай ишканасынан 13 ишкана жогорку көрсөткүчтөр менен чыгып, 14 ишкана өсүү темпин камсыздай алган эмес. Ал эми 11 ишкана жыл башынан бери токтоп турат.

Айыл чарба продукцияларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн дүң өндүрүү 5885,81сомду түзүп, өсүү темпи 101 % болгон.

“Айыл чарбасын каржылоо-8” программасынын алкагында “Айыл банк жана “РСК” банк аркылуу 869 кардарга 338,1 миллион сом кредит берилген.

Жазгы айдап себүү өнөктүгү 2020-жылдын 26-майында толук бүткөрүлүп, 39866 гектар жер айдалган. Анын 5757 гектарына буудай, 18875 гектарына арпа, 35 гектарга жүгөрү, 6151 гектарга картошка, 472 гектарга жашылча отургузулуп, 8551 гектарга чөп өсүдүктөрү себилген. Өткөн жылга салыштырмалуу 1597 гектар аянт көп иштетилип, буудай 800 гектарга, арпа 1813 гектарга көп эгилген.

Нарын облусунда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 2020-жылдын 6 айына берилген план-тапшырмага ылайык 100,0 пайызга аткарылган. Өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 99,7 пайызды түзүп, 1 миллион 138 миң сомго аз болгон. Мунун ичинен республикалык бюджет 94,3 пайызга, жергиликтүү бюджет 105,6 пайызга аткарылган. Жергиликтүү бюджет 409 миллион 950,0 миң сомду түзүп, өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 8 миллион 499 миң сомго көп чогулулган.

Коронавирус пандемиясынын таасиринин алдында Нарын облусунун алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүү экспортунун жана импортунун көлөмү 1052 АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырганда эки эсеге аз болгон. Ошондой эле дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшү 2139,0 миллион сомдү түзүп, 88,3 пайызга гана аткарылган.

Мындан сырткары облус боюнча 1130,3 миллион сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 48,7 пайызга аз болгон.

Инвестиция тартуу багытында 542 миллион 513,98 миң сомдук жумуштар жасалган.

Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багытындагы 4 чакан ишкана ачылып, 45 жумушчу орун тузүлгөн.

Ал эми социалдык тармактагы негизги көрсөткүчтөргө токтолсок, 142 мектепте 2019-2020-окуу жылында 59159 окуучуга 5585 мугалим билим-тарбия берди. Коронавирус инфекциясына байланыштуу окуу жылынын 4-чейреги дистанттык негизде жүргүзүлдү. Өткөн жылы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 93 талапкердин 13ү татыктуу болсо, быйыл 118 талапкердин ичинен 20 окуучу ээ болду. Жалпы республикалык тестирлөөгө 2900 бүтүрүүчү катышып, 1643 окуучу 110дон жогору упай топтоп, билим сапаты 60,51 пайызды түздү. 18 окуучу 200 упайдан жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 1 окуучу “Алтын сертификатка” татыктуу болду.

Медицина тармагында дарыгерлердин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдөн. Учурда 674 штаттык бирдикте 385 дарыгер эмгектенип, дарыгерлер менен камсыз болуу 57,9 пайызды түзөт же 125 дарыгер жетишпейт. Коронавирус инфекциясы менен 1503 адам катталып, 671и ковид, 832 адам пневмония менен жабыркады. 1272 адам сакайды. Тилекке каршы 73 адам каза болду.

Жарым жыл ичинде 2364 бала төрөлүп, былтыркыга салыштырмалуу 77 учурга аз болгон. Бир жашка чейинки балдардын өлүм көрсөткүчүнүн 33 учуру катталып, былтыркыга салыштырмалуу 4 учурга көбөйгөн. Эненин өлүмү бактыга жараша катталган эмес. Кургак учук, бруцеллез, ВИЧ/СПИД оорулары азайган.

Коллегиянын отурумунда кемчиликтер талкууланып, алардын себептерине анализ жасалды. Алдыга бир катар милдеттер белгиленди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов акимдерге жана мекеме жетекчилерине өткөн айларга анализ, кийинки айларга прогноз жасоо менен ишти натыйжалуу алып баруу, жолдордун абалын оңдоо, кышка даярдык, балдарды окутуу боюнча чечим чыгарып ата-энелерге  эртерээк маалымат берүү, үймө-үй кыдырып бейтаптарды аныктоону улантуу, медицина мекемелеринде моралдык-психологиялык абалды жөнгө салуу, дарыгерлердин айлык маяналары, кошумча төлөмдөрү боюнча  талапка ылайык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү колго алуу сыяктуу жана башка бир катар кечиктирилгис аткарууну талап кылган тапшырмаларды берди.

Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика