Menu Close

КОЛЛЕГИЯДА КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛУП, МИЛДЕТТЕР БЕЛГИЛЕНДИ

13-ноябрда облустук коллегиянын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 9 ай ичиндеги жыйынтыктары каралды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Ибраева жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Региондук өнүктүрүү бөлүмүнун башчысы Ж. Беккелдиев тарабынан тармактардагы аткарылган иштер, көрсөткүчтөр жана айрым кемчиликтер боюнча маалымат берилди.
Алсак, 2020-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен 1657,7 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 171,2 миллион сомго көбөйгөн. Же өсүү темпи 111,5 пайызды түзгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 99,2 пайыз болгон.
Облуста 40 негизги өнөр жай ишканасы болсо, мунун ичинен 16 ишкана туруктуу иштеп, өсүү темпин камсыз кылышкан. 14 ишкана пландалган көрсөткүчкө өсүү темпин жеткире алышкан эмес. 9 өнөр жай ишканасы продукциясын өндүргөн эмес. Алар Жумгал, Ак-Талаа райондорундагы көмүр казуучу ишканалар жана Кочкор районундагы “Ренесанс”, “Сан Хэ” ишканалары.
Нарын облусу боюнча 9 ай ичинде 469,6 миң тонна көмүр өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 55,1 тоннага көп казылган. Өсүү темпи 113,3 пайызды түзгөн.
Ошондой эле 87,7 миллион кВт саат электр энергиясы өндүрүлуп, өсүү темпи 88,5 пайызды түзгөн. Электр энергиясынын аз өндүрүлүшү Ат-Башы ГЭСиндеги реконструкция иштериндеги тоскоолдуктар менен түшүндүрүлөт.
Облустагы негизги айыл чарба продукциялары эт, сүт, жүн өндүрүү ашыгы менен аткарылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дыйкан, фермерлерди колдоо максатында айыл чарбасына жана кайра иштетүү тармагына берилип жаткан жеңилдетилген кредиттен 1169 дыйкан, фермерге 482 миллион 643 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилген.
Оруп-жыюу өнөктүгү боюнча 22 миң гектар аянтка дан эгиндери эгилип, ар гектарынан 24,4 центнерден түшүм алынган. Түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 центнерге арбын болуп, 57 миң 278 тонна дан түшүмү кампаларга төгүлгөн. Бышпай калуу мүмкүнчүлүгү жаралган Ат-Башы, Нарын райондорунан 1237 гектар аянттагы арпа жана 3 гектар аянттагы буудай тоют катары чөпкө чабылган. Жалпы 452 миң 639 тонна кесек тоют даярдалып, өткөн жылдагыдан 45 490 тоннага көп болгон.
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 517 миллион 701,7 миң сом өлчөмүндө салыктар жана жыйымдар чогултулуп, 103,2 пайызга аткарылган. Мунун ичинен республикалык бюджет 93,2, жергиликтүү бюджет 111,6 пайызды түзгөн.
Жалпылап айтканда, облустун экономикалык көрсөткүчтөрү: өнөр жай, айыл чарба көрсөткүчтөрү, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө берилген план тапшырмалар айрым кемчиликтерди эске албаганда негизинен аткарылган.
Ошол эле учурда өнөр жайдын физикалык көлөмү Ак-Талаада 98,9, Нарын районунда 94,4, Нарын шаарында 99,5, Кочкор районунда 43,7 пайызды түзүп, талаптагыдай көрсөткүч бере алган эмес.
Жайыт акыларынын чогултулушу, Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануудан түшүүчү каражаттар бардык райондордо толук чогултулбай калган.
Ал эми социалдык тармак боюнча алсак, 2020-2021-окуу жылында 65 48 окуучуга 5544 мугалим билим тарбия берүүдө.
Бүгүнкү күндө облус боюнча 142 мектептин 99 мектеби интернетке кошулган, Калган 43 мектеп азырынча уюлдук мобилдик байланыш аркылуу иш жүргүзүүдө.
Саламаттыкты сактоо тармагында 674 штаттык бирдикте 385 дарыгер иштеп, дарыгерлер менен камсыз болуу 57 пайызды гана түзүп, бүгүнкү күндө 125 дарыгер жетишпейт.
2020-жылдын 9 айына төрөлгөн балдардын саны облус боюнча 3307 болуп, 3 балага көп төрөлгөн. Ал эми бир жашка чейинки балдардын (ымыркайлардын) өлүмүнүн 48 учуру катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 12 учурга көбөйгөн. Район боюнча алсак, Ат-Башы районунда 3 учур, Кочкор районунда 4 учур, Нарын районунда 2 учур, Нарын шаарында 2 учур, Ак-Талаа районунда 1 учур катталган.
Ал эми эненин өлүмү боюнча 2 учур катталып, Ат-Башы 1 учур, Жумгал 1 учур болгон.
Жугуштуу илдет менен менен облус боюнча 1896 адам катталган. Анын ичинде ковид менен 704, пневмония менен 1192 адам дарыланган. Тилекке каршы, 65 адам илдеттен каза болду. Оору жуктургандардын ичинде 160тан ашык мугалим, 70тен ашык мектеп окуучулары болгон. 2 мугалим көз жумган. Учурда 53 адам дарыланууда.
Коллегиянын отурумунда иштеги кемчиликтер талкууланып, жылдын жыйынтыгы менен алардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев салыктарды, жайыт акыларын өндүрүү боюнча катуу талаптарды койду. Жайыт акыларын чогултууда жана башка маселелерде айыл өкмөт башчылары өз милдеттерин так аткаруулары керектигин эскертти. Бир орунда көп жылдан бери иштеп жүргөн мекеме жетекчилеринен жаштарга орун берүүлөрүн өтүндү. Электр тармактар ишканаларынын кызматкерлерине карапайым элге суук күндөрдө каралашып, электр энергиясын өчүрбөй турууларын эскертти. Нарын шаар жетекчилигине шаарды тез арада ирээтке келтирүү, тазалыгын кароо маселесин тапшырды. Бардык акимдерге, айыл өкмөт башчыларына жана мекеме жетекчилерине өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууларын милдеттендирип, жылдын жыйынтыгы менен милдетин так аткара албаган кызмат адамдарына тиешелүү чаралар көрүлөөрүн билдирди.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика