Menu Close

КАРА-КЕЧЕДЕГИ ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫГЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ АРАКЕТТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТАТ

 14-сентябрда Жумгал районундагы Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында жер көчүп, болжол менен узундугу 1200, туурасы 100, бийиктиги 70 метрди түзгөн жер көчкү жолду жана Кара-Кече сайын бөгөп калган. Учурда Өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу аракеттери жеринде жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Семетей Черикбаевдин айтымында, абалды Өкмөттөн түзүлгөн комиссия карап атат. Альтернативалуу жол салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кырсык болгон учурда Кара-Кече көмүр кесиминде 200гө жакын оор жүк ташуучу автоунаалар болгон. Бактыга жараша, алар жабыркаган эмес. Автоунаалар Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорундагы “Молдонун бели”, “Төлөк” жана “32” ашуулары менен түшсө болот.
Кара-Кечеде көмүр кендеринин үстүн тазалоо жумуштары токтогон жок. Күйүүчү май менен иштей турган эксковаторлор иштеп жатат. Мобилдик байланыш калыбына келтирилди. Электр чубалгылары үзгүлтүккө учурагандыктан электрондук таразалар токтоп калган. Бирок “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан генераторлордун жардамы менен таразалар иштеди.
Ал эми жер көчкүнүн көлөмү 900 миң куб метрден дагы көп болушу мүмкүн. Аймакта дагы деле таш, топурактар кулап, жердин көчүү кыймылы токтой элек.
Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары С.Черикбаев штабдын жыйынын өткөрүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга кыска мөөнөттө электр энергиясын берүүнү колго алуу, альтернативалуу жол салуу, башка жол каттамдары үчүн ашуу жолдорун оңдоп-түздөө, малчылардын көчүп-конуусунда коопсуздук маселесин көзөмөлдөө, көмүрдүн кымбаттап кетүүсүн алдын алуу маселелерин милдеттендирди.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика