Menu Close

КАЛК КӨЙГӨЙЛӨРҮ КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

 19-январда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы жылды жыйынтыктоого арналган отчеттук жыйынга катышып, айыл элинин көйгөйлүү маселелерин жеринде укту.
Жыйында айыл өкмөтү тарабынан жыл ичинде социалдык-экономикалык, инфратүзүмдүк бир катар долбоорлор жүзөгө ашып, 27 миллион 281 миң 349 сомдук инвестиция тартылганы маалымдалды. Бул жумуштардын бир тобу айылдагы өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлгөнү айтылды.
Ошол эле учурда Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жалгыз-Терек айылдарынын эли тарабынан жайыт, таза суу, ирригация, балдар бакчаларынын, маданият үйүнүн көйгөйлөрү, карапайым элдин жеңилдетилген насыяларды ала албай жатканы сыяктуу маселелер билдирилди. Өзгөчө жайыт маселесине басым жасалып, Кум-Бел жайлоосундагы Кочкор районунун Ак-Кыя айылы менен Жергел-Тал айылынын ортосунда талаш жараткан жайыт жери тууралуу талкуу болду.
Бул боюнча облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев: “ Жайыттар, кен байлыктар – мамлекетке таандык. Аларды талашып, саясатташтырууну токтотуу керек. Мисалы, Кара-Кече көмүр кени Жумгал районуна гана таандык эмес, ал Кыргызстандыкы. Ошол сыяктуу бардык кен байлыктарга, жайыт жерлерге түшүнүү менен мамиле кылуубуз зарыл. Кум-Белдеги жайыт маселесин дагы ынтымак менен чечүүбүз керек. Болбосо аймактарды ирилештирүү жолу менен чечкенге аракет кылабыз. Бул боюнча бардык тараптардын пикирин угуп, дагы биргелешип талкуулап, жыйынтыкка келебиз”,- деген пикирин билдирди.
Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүл салык жыйноону пландоодо кемчиликтерге жол берилип, салыкчылар малдын санынын өскөнүнө, кен байлыктарынын иштетилип жатканына карабай мындан 5 жыл мурдагы план-тапшырмалар менен салык жыйымдарын чогултуп жатышканы тууралуу сын пикирин айтты.
Облус жетекчиси Жерге-Тал айылындагы өнүктүрүү фонду менен көп жумуштар жасалып атканын баса белгилеп, фонддун каражатын натыйжалуу пайдаланууга, айрыкча билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшоо зарылдыгын белгиледи.
Ал эми малдын башын сандан сапатка өткөрүү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун негизги иш багыттарынын бири экендигин, асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүү боюнча жакында жеңилдетилген насыялар бериле баштаарын маалымдады.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика