Menu Close

Бош кызмат ордуна ички конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, төмөндөгү  административдик бош кызмат ордуна ички резервдеги кызматкерлерге ички конкурс жарыялайт

Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы  кызмат ордуна:

Квалификациялык талаптар:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– социалдык, педагогикалык, гуманитардык, саламаттык сактоо багытындагы, экономикалык, тейлөө сферасы, маданият жана искусство багытындагы, табият таануу илимдери багытындагы, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика багытындагы  жогорку билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

КР «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жөнүндө»,  “Мамлекеттик тил“, “КР Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Мыйзамдарды.

 

Адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билгичтиги;

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Талап кылынуучу документтер:

– конкурстук комиссияга арыз;

– өздүк баракча (3х4 сүрөтү менен);

– резюме;

– өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондогу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– паспорттун көчүрмөсү;

– билимин, эмгек стажысын жана квалификациясын аныктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы сынакка келгенде өзү тарабынан көрсөтүлөт);

Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка киргизилбейт.

            Документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторуна жарыя чыккан күндөн баштап 5 жумуш күнгө чейин кабыл алынат.

Дареги: 722900, Нарын шаары, Ленин көчөсү 76,  тел. 5-04-84.

Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика