Menu Close

БАНГИЗАТКА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АРАКЕТТЕРИ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

13-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө бангизатка каршы күрөшүү боюнча кеңешме өткөрүлдү.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган кеңешмеге Нарын облусундагы жергиликтүү бийликтин, чек ара, укук коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана башка тиешелүү тармактардын өкүлдөрү катышты.
Кеңешмеде КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А. Сапаров жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын башчысы Н. Кеперакунов тарабынан маалымат берилди.
Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Нарын облусунда бангизат колдонгон 26 адам каттоодо турат. Анын ичинен 5 адам опиоид (венага сайынгандар), 21 адам каннабис (кара куурай) колдонгондор. Райондор боюнча алсак, Нарын шаарында 8 адам каннабис чексе, Кочкор районунда 5 адам апийим, 6 адам каннабис колдонот. Жумгал районунда 7 адам каннабис чеккени боюнча каттоодо турат. Бул адамдар дайыма көзөмөлгө алынган.
2021-жылдын 3 айында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан банги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 3 материал катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 328 грамм бангизат алынган. Ал эми өткөн жылдын 12 айында 12 материал катталып, 3 кылмыш иши кыскартылып, 9 кылмыш жана жорук иштери аныктаган мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 кил 405 грамм бангизаттар алынган.
Жыйында тиешелүү тармактардын өкүлдөрү тарабынан бангизаттарга каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча маалымат берилип, алдыга бир катар милдеттер белгиленди.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика