Menu Close

АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АК-МУЗ АЙЫЛЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНА АЧЫЛДЫ

10-сентябрда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын ачылыш аземи болду.
Бул иш чара Ат-Башы районунун 90 жылдыгына арналган 90 долбоордун бири болуп саналат.
Айылдагы болгон техникалар ортого чогултулуп, 2016-жылы муниципалдык ишкана негизделген. Быйыл дүйнөлүк пандемия болуп, көп иштер аксап турганына карабай Ак-Муз айылында муниципалдык ишкананын кеңсеси салынып, короосу тосулуп, ишкананын ишин алдыга жылдыруу аракеттери көрүлгөн.
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Бакыт Алиаскаров билдиргендей, учурда ишканада 1 жаңы жүктөгүч автоунаа, 3 МТЗ-82 трактору, соко, үрөн сепкен, кар күрөгөн техникалар бар. Эң негизгиси айылда Союз убагындагы токардык ишкана сакталып калган. Эми лизинг жолу менен оор жүк жүктөөчү автоунаа алуу аракети көрүлүүдө. Муниципалдык ишканада 9 жумуш орду түзүлгөн. Ишкана тарабынан айыл элине арзан баада кызмат көрсөтүлүп, айылдын бардык чарбалык жумуштары жасалып келет.
Ишкананын кеңсесин курууга 430 миң сом каражат жумшалса, 330 миң сому ишкананын тапкан кирешесинен, калганы
демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.
Иш чарага катышкан облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов быйыл дүйнөлүк пандемия болуп атканына карабай Ат-Башы районунда, анын ичинен Ак-Муз айылында жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык кеңсе салуу сыяктуу өнүгүү кадамдары жасалганына ыраазычылык билдирди. Айрыкча токардык ишкананы сактап калган айыл тургундарынын эмгегин, муниципалдык ишкананын зарылчылыгын баса белгиледи.
Ошондой эле быйыл жыл башында райондун борборлорунун инфратүзүмүн жакшыртуу максатында райондор арасында сынак жарыяланып, 1 миллион сом байге коюлганын, буюрса бул сынак жыйынтыкталып, кийинки жылдары да улантылаарын билдирди.
Ал эми Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров быйыл райондун 90 жылдыгын той-маараке, аш чара менен эмес, иш чаралар менен белгилөө аракетинде өнүгүү багытындагы 90 долбоор ишке ашаарын, алардын бири “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасы экендигин маалымдады.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика