Menu Close

АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНДА КҮНДҮЗГҮ ДАРЫЛОО БӨЛҮМҮ АЧЫЛДЫ

10-сентябрда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жаңы курулган күндүзгү стационар пайдаланууга берилди.
8 койкага ылайыкталган бул имаратты куруу айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, демөөрчүлөрдүн, айыл тургундарынын колдоосу менен ишке ашты.
Ача-Кайыңды айылында 759 түтүндө 5250 адам калк жашайт. Фельдшердик-акушердик пункт тар болгондуктан пандемия убагында мектептин имаратына күндүзгү стационар уюштурулуп, калкка медициналык кызмат көрсөтүлгөн.
-Пандемия убагында оор күндөрдү башыбыздан кечирдик. 5 кызматкер иштеген ФАПта 5 миңден ашык элди тейлөө кыйын болду. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей Америка Кошмо Штатында эмгектенген Эсенгелдиев Кайрат жана Бишкек шаарында эмгектенген Жолдубаев Мирлан аттуу айылыбыздын мекенчил уулдары демилге көтөрүп, айыл өкмөтүнүн чечими менен күндүзгү стационар куруу иши башталып калды. Бир айдын ичинде 600 миң сомго 8 койкалуу күндүзгү стационардын имараты курулуп бүттү. Бул ишке Наркеев Кыргызбек, Ноорузбаев Асан, курулуш ишине Кибиреков Бактыбай аттуу айылыбыздын тургундары жана мектеп администрациясы, бала бакчанын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери зор салым кошушту,-дейт айыл өкмөт башчысы Нурлан Жунусов.
Күндүзгү стационардын ачылышына катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов пандемия убагындагы оор күндөрдү эскерүү менен бирге мындай кыйын кырдаалда мамлекетти карап отурбай колдоо көрсөтүп, кыска мөөнөттө жаркыраган заманбап имаратты куруп берген демөөрчүлөргө, айыл элине жана айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Имарат акжолтой болуп, бул жерге адамдар ооруну алдын алуу жана эмдөөдөн өтүү үчүн гана келүүсүн тилек кылды. Ошону менен бирге айыл тургундарын дагы да этият болууга, эрежелерди сактоого чакырды.
Салтанаттуу иш чарада бул ишке салым кошкон адамдарга облустук, райондук, айылдык деңгээлдеги Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика