Menu Close

АР ТАРМАКТА ЭМГЕГИ СИҢГЕН АДАМДАРГА “НАРЫН ОБЛУСУНУН АРДАКТУУ АТУУЛУ” НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

31-август – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облусунун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарга “Нарын облусунун Ардактуу атуулу” наамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары ыйгарылды.
Иш чарада ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов алгач Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо баракчаларын окуп берип, дарегине жеткирди. Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облусунун ар кыл тармактарында эмгектенген 4 адамга Президенттин куттуктоо каттары жиберилген. Алардын ичинде Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Мурат Алияскаров бар.
Ал эми “Нарын облусунун Ардактуу атуулу наамы” менен Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, “Эмгек Кызыл Туу”, “Ленин”, “Ардак белгиси” ордендеринин ээси, персоналдык пенсионер Карыбек Акунов;
Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, акын Жедигер Саалаев;
М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын артисти, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынын ээси, пероналдык пенсионер Асматжан Токтомушева;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ардагери, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси Касен Асизов;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, Нарын облусунун социалдык-экономикалык маселелеринде чоң салымын кошкон инсан Кубанычбек Нурматов;
Нарын районунун ардагери, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, “Манас-1000”, “Кыргыз Республикасына 10 жыл” юбилейлик медалдарынын ээси Муканбай Курманкожоев;
Нарын облустук стоматологиялык поликлиникасынын стоматолог-дарыгери, “Манас эпосуна 1000 жыл” эстелик медалынын ээси Айдаркан Жусупов баштаган 43 атуул сыйланды.
Ал эми 11 атуулга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика