Menu Close

“АЙТМАТОВ” КЕРБЕНИ КОНОККО БАРАТ, КҮТҮП АЛЫҢЫЗ!!!

Нарын шаарындагы медициналык колледждин эмгек жамааты жана студенттери “Айтматов ааламы” аттуу театр кербени менен Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларды кыдырып, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү тартуулап жатышат.
Залкар инсаныбыз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана адабият күнүнө арналып сахналаштырылган иш чара алгачкылардан болуп Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлерине көрсөтүлдү.
Студенттердин жогорку ынтаасы менен аткарылган чыгармалар адамзаттык улуу баалуулуктарга жетелеп, руханий азык тартуулады.
Медициналык колледждин жетекчиси Төлөгүл Арпачиева пандемияга байланыштуу элди көп чогултууга мүмкүн болбогондуктан мекемелерди кыдырып коюп чыгууну колго алышкандыгын, бул маданий иш чаранын максаты Чыңгыз Айтматовдун улуу ойлору аркылуу коомду тазарууга, китеп окууга, адабий чыгармаларга шыктанууга, пандемиянын психологиялык таасирлеринен алаксууга үндөө экенин билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева медициналык колледждин чыгармачыл жамаатына терең ыраазычылык билдирип, Айтматов кербенине ийгилик каалады.
Кербен Нарын шаарындагы бардык мекеме-уюмдарга конокко бармакчы. Меймандарды күтүп алыңыздар!!!
Достор менен бөлүшүү:

Leave a Reply

Яндекс.Метрика