7-АПРЕЛЬ…ЭМИЛБОЛОТ КЫШТООБАЕВ…БААТЫРЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ…

Бүгүн, 7-апрелде, Нарын шаарында 7-апрель-Элдик революциясынын тогуз жылдыгына карата иш чара болуп өттү. Ага, Өкмөттүн Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов катышты.

Быйылкы иш чарада коогалаңда “снайпер” атка ээ болгон, апрель баатыры Эмилболот Кыштообаевге арналып эстелик тургузулду.

Мындан сырткары, окуучулардын 7-апрель тууралуу тартылган сүрөттөрү, жазылган ырлары көрсөтмөгө коюлду.

Иш чаранын уландысы Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта орун алды. Ал жерде калкты акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүштү. Ж.о.э. спорттук ар кандай мелдештер өткөрүлүп, байгелер тапшырылды.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply